AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Борбордук Азия чемпионаты (U-19): Кыргызстандык валейболчулар Өзбекстанга утулуп калды

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы (U-19) Өзбекстанда өтүп жаткан Азия зоналдык чемпионатында жеңилүү менен башталды.

 Маалыматка ылайык, жаштар арасындагы Азия чемпионаты Ташкентте Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын төрт командасынын катышуусунда өтүп жатат.

Биринчи турда жыйынтыгында 3:0 эсебинде Кыргызстандын курама командасы жеңилип калган.

Биринчи айлампанын дагы бир беттешинде Казакстандын курама командасы Тажикстандын курама командасын ушундай эле эсеп менен утуп алды.

Кечээ 27-октябрь күнү тайпалык этаптын 2-турунун оюндары өттү. Кыргызстандын курама командасы Тажикстандын курама командасы менен беттештти.

26-октябрдагы 1-турдун жыйынтыгы:

Казакстан — Тажикстан — 3:0

Өзбекстан – Кыргызстан – 3:0