AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Грепплинг боюнча дүйнө чемпиондугу башталды

Грепплинг дүйнө чемпионаты 28-октябрда Белградда башталды. Мелдештин биринчи күнүндө Кыргызстандан 3 спортчу килемге чыкткан.

Абдурахман Муртазалиев Gi дисциплинасы боюнча (кимонодо) 84 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.

Кыргызстандык спортчу 1/8 финалдык баскычтан баштап, Индия менен Украинанын өкүлдөрүн жеңип, жарым финалда россиялык балбандан утулуп калды.

3-орун үчүн болгон беттеште Муртазалиев румыниялык балбанды жеңип, коло медаль тагынды.

Диас Керимбаев (66 кг чейин) алгачкы беттеште утулуп, медалдар үчүн күрөштөн чыгып калса, Элзира Кадыралиева (57 кг чейин) турнирде эки беттеште тең утулуп, финалдык 5-орунду ээледи.

Бүгүн, 29-октябрда Кыргызстандан дагы 5 спортчу килемге чыгат.

Кыргызстандык Төрөхан Багынбай уулу грэпплинг боюнча дүйнө биринчилигинин финалына чыкты.

Багынбай уулу «Gi» дисциплинасында 77 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашууда. Ал финалга чыгуу үчүн 3 беттеш өткөрдү жана анын баарында тең жеңүүчү болуп чыкты.

Алтын медаль үчүн беттеште Багынбай уулу испаниялык спортчу менен күч сынашат. 

Багынбай уулунун беттештери:

1/8 финал:

Гажи Хархаров (Россия) — Төрөхан Багынбай уулу — 3:3. Жеңиш Төрөханга берилди;

1/4 финал:

Төрөхан Багынбай уулу — Хачатур Тамарян (Армения) — 7:2;

1/2 финал:

Төрөхан Багынбай уулу — Адлан Мадаев (Казакстан) — 4:2;

Финал:

Төрөхан Багынбай уулу — Фернандо Николас Медина Вернер (Испания).