AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Спорттук күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы Дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Кечээ 12-октябрь, «Манас» эл аралык аэропортунда (Бишкек шаары) спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча курама команданы тосуп алышты.   

Курама команданы тосуп алуу иш-чарасына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министиринин орун басары Илязбек Балташев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алышты. 

Илязбек Балташев улуттук курама команданы жеңиши менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалады. 

 

Белгилей кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрь күндөрү Осло шаарында (Норвегия) өттү.  

Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү 2 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту. 

1- орун – Айсулуу Тыныбекова, кыз-келиндер күрөшү, 62 кг;

1 –орун – Мээрим Жуманазарова, кыз-келиндер күрөшү, 68 кг;

2 –орун – Жоламан Шаршенбеков, грек-рим күрөшү, 60 кг;

2 –орун – Эрназар Акматалиев, эркин күрөш, 70 кг;

3-орун – Айпери Медет кызы, кыз-келиндер күрөшү, 76 кг;

3-орун – Алибек Осмонов, эркин күрөш, 65 кг;

Ошондой эле күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы дүйнөлүк рейтингде 5-орунга көтөрүлдү.

Булак: sport.gov.kg