AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Мээрим Жуманазарова алтын медаль үчүн күрөшөт

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында россиялык Ханум Велиеваны женди. Мелдешти Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты аркылуу түз эфирден көрсөтүп жатат.

Жуманазарова атаандашы менен таймашты 3:3 эсебинде аяктап, бирок акыркы аракетти кыргызстандык балбан жасаган үчүн ага артыкчылык берилди.

Жуманазарова финалдык беттеште япониялык балан Рин Мьядзи менен кармашат. Финалдык беттеш эртең, 7-октябрда болот.