AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Мээрим Жуманазарова жарым финалда

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинин жарым финалына жолдомо алды.

Ал эркин күрөш боюнча 68 кг салмак категориясында катышып жатат.

Жуманазарова 1/8 финалда түштүк кореялык спортчу менен беттешип, атаандашын жеңип, кийинки баскычка жолдомо алган.

Эми 1/4 финалда Жуманазарова канадалык Оливиа Грэйс Ди Бакко менен күч сынашып, аны жеңип, жарым финалга өткөн.

1/2 финал Бишкек убактысы боюнча саат 20:45те башталат.

Жуманазарованын атаандашы россиялык Ханум Велиева болот. Ал чейрек финалда Токиодогу Олимпиада оюндарынын финалисти болгон нигериялык Блессинг Оборудуну жеңген.

68 кг чейин

1/8 финал

Минжи Ха (Корея) — Мээрим Жуманазарова - Жуманазарова туше менен жеңди

1/4 финал

Мээрим Жуманазарова — Оливия Грейс Ди Бакко (Канада) - 7:1

1/2 финал

Мээрим Жуманазарова — Ханум Велиева (Россия)