AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Жаныбек Бейшенбек уулу мөөнөтүнөн мурда атаандашын жеңди

16-октябрь күнү борбор калаада Газпром спорттук комплексинде WBC муай-тай версиясы боюнча Республикалык чемпионат өттү. Мелдешке WBC Улуттук чемпиондук курунун жеңүүчүлөрү Бейшебек уулу Жаныбек, Никита Цой, Мустафокулов Мухамедшах жана Инаятов Азиз да катышкан. 

Мындан сырткары турнирге өлкөнүн булуң-бурчунан келген спортчулары күч сынашкан.

Мелдештин жүрүшүндө бир нече жолку дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүсу рингге чыккан. Ал атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын курга ээ болду.

Мушкер Жаныбек Бейшенбек уулунун жетишкен ийгиликтери: Муай -тай 2014 боюнча профессионалдар арасында Евразиянын чемпиону; 2014, 2016 -жылдагы Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси; 2017 -жылы муай -тайдан WMF боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү; Муай -тай WMF 2017 боюнча Европа чемпионатынын күмүш медалынын ээси; Кикбокс боюнча Азия чемпиону WAKO 2018;

One x One муай тай боюнча профессионалдык турнирдин чемпиону 2020

WBC боюнча тай боксу боюнча өлкө чемпиондугунун алкагында WBC муай тай боюнча чемпиондун 4 куру ойнотулган.