AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Айсулуу Тыныбекованын медалы Кыргызстан үчүн дүйнө чемпионатында 13-медаль болуп калды

Айсулуу Тыныбекова Норвегияда өткөн дүйнө чемпионатынын алтын медаль тагынды. 

Ал 62 кг салмакта эркин күрөш боюнча мелдешке катышып, чемпиондук наамын коргоого жетишти.

Кыргызстан үчүн бул медаль күрөш боюнча чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында катары менен 13 болуп калды - 2 алтын, 3 күмүш жана 8 коло.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандан жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1994, Стамбул (Түркия), эркин күрөш

68 кг чейин - Кенжебек Өмүралиев - 3 -орун

1999-жыл Афины (Греция), грек-рим күрөшү

85 кг салмакта - Раатбек Санатбаев - 3 орун

2005-жыл Будапешт (Венгрия), эркин күрөшү

96 кг салмакта - Алексей Крупняков - 3 орун

2006-жыл Гунчжоу (Китай), грек-рим күрөшү

66 кг салмакта - Канатбек Бегалиев — 2 место

2007-жыл, Баку (Азербайджан), эркин күрөшү

60 кг салмакта Базар Базаргуруев — 3-орун

2010-жыл Москва (Россия), грек-рим күрөшү

74 кг салмакта Данияр Кобонов 3-орун 

2016-жыл Будапешт (Венгрия), эркин күрөшү

70 кг салмакта Эламан Догдурбек уулу 3-орун

2017-жыл Париж (Франция)

58 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова 3-орун

2018-жыл Будапешт (Венгрия), грек-рим күрөшү

55 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков 2-орун

2019-жыл Нур-Султан (Казахстан)

62 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова 1-орун

2021-жыл, Осло (Норвегия), эркин күрөшү

70 кг салмакта - Эрназар Экматалиев 2-орун

2021-жыл, Осло (Норвегия), эркин күрөшү

63 кг салмакта- Айсулуу Тыныбекова 1-орун