AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Калыс Мейрамбек Ахметов эл аралык карьерасын жыйынтыктады

Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун кыргызстандык экстра-класстагы калысы Мейрамбек Ахметов эл аралык карьерасын жыйынтыктады.
 Кыргызстандын Күрөш федерациясы айтылган куттуктоолорго кошулуп, Мейрамбек Ахметовго бекем ден соолук, узак өмүр каалады.
 
"Бүтүндөй Кыргызстан сиз менен сыймыктанат! Биз, спорттук арена, сиздей мыктыларга муктажбыз. Сиздин бай тажрыйбаңыз, билимиңиз жана чеберчилигиңиз калыстарга, спортчуларга жана машыктыруучуларга алга умтулууга, медаль утууга жана Кыргызстандын даңкын чыгарууга жардам берет, Сизге терең таазим!" — деп айтылат федерациянын билдирүүсүндө.
 
Ахметов олимпиадалык категориядагы калыс, ошол эле учурда Олимпиаданын күмүш медалын уткан Канатбек Бегалиев менен Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу болуп эсептелет. Мындан сырткары, ал дүйнө, Азия чемпионаттарынан байгелерди уткан бир катар балбандарды тарбиялаган.