AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Грепплинг боюнча Республикалык чемпионат жыйынтыкталды

2-3 октябрь күндөрү Бишкек шаарында Газпром спорттук комплексинде UWW Грэпплинг федерациясы тарабынан республикалые чемпионаты болуп өттү.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча 1-2-3-орундарды ээлеген спортчуларга комиссия тарабынан 2021-жылкы дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасына тандалып алынган. Турнирге өлкөнүн атактуу грэпплинг мектептеринин күчтүү спортчулар катышкан.

Чемпиондор төмөнкү категориялар боюнча аныкталды: эркектер, кыз-келиндер, мектеп окуучулары, курсанттар, кенже балдар, чоңдор жана ардагерлер (35+ жаштан 45 жашка чейин, 45+ 60 жашка чейин).

Ал эми 1-октябрда эл аралык калыстын UWW грэпплингинин жаңы эрежелери боюнча мастер -класс өткөн. Грэпплинг NoGi 2 -октябрда, Грэпплинг Gi 3 -октябрда өттү.

Турнирди UWW эл аралык класстагы калыстар тобу тейлеп, матчтар UWW стандарттарына жооп берген үч килемде болгон. Медешке 500гө жакын спортчу күч катышкан.

Турнирдин жүрүшүндө упайлар эсептелип, каттоо жана беттештердин графиги жазылган онлайн табло иштеген.