AUCA the best 2

2024-04-24

Жаңылыктар

Кыргызстандык гимнаст дүйнөлүк чемпионатка катышат

Көркөм гимнастика боюнча Дүйнө чемпиондугу 27-31октябрь күндөрү Японияда өтөт. Бул тууралуу аталган федерациянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын намысын Айша Изабекова коргойт. Ал Кыргыз Республикасынын спорт чебери, чоңдордун көп түрлүү программасы боюнча Кыргызстандын үч жолку чемпиону, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын чемпиондугунун абсолюттук чемпиону, Азия Кубогунун коло медалынын ээси.

Ошондой эле Айша топ, алкак жана лента менен машыгуу боюнча Азия Кубогунун күмүш медалынын ээси, Дүйнө чемпиондугунун катышуучусу, Азия чемпионатынын катышуучусу жана финалисти болгон.

Айша Ирина Винер-Усманова атындагы гимнастика борборунда Японияда өтө турган дүйнө чемпионатына даярданууда. Чемпионатка үч адамдан турган делегация учуп барат: машыктыруучу – Аделина Шаяхметова, калыс – Злата Тулубаева, гимнастик – Айша Изабекова.