AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Айпери Медет кызы коло медаль үчүн ким менен күрөшөөрү белгилүү болду

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы бүгүн, 6-октябрда Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун коло медалы үчүн күрөшөт.

Ал 76 кг салмакта күч катышууда.

Медет кызынын биринчи атаандашы болгариялык Мария Оряшкова болуп, аны 10:0 эсебинде жеңип чейрек финалга өткөн.

Жарым финалга чыгуу үчүн болгон күрөштө Медет кызы орусиялык балбан менен ишенимдүү күрөшүп, 10:0 эсебинде жеңген.

Жарым финалда ал эстониялык спортчу Эпп Мяэ менен кез келип, 3:3 эсебинде утулуп калды.

Медет кызы бүгүн, 6-октябрда коло медаль үчүн күрөшөт. Анын атаандашы украиналык Анастасия Шустова болот.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

76 кг чейин

1/8 финал

Айпери Медет кызы - Мария Оряшкова (Болгария) - 10:0

1/4 финал

Айпери Медет кызы - Марина Суровцева (Россия) - 10:0

1/2 финал

Айпери Медет кызы - Эпп Мяэ (Эстония) - 3:3, Мяэ жеңди

Коло үчүн күрөш

Айпери Медет кызы - Анастасия Шустова (Украина)