AUCA the best 2

2024-04-27

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Мээрим Жуманазарова кореялык балбанга каршы күрөшөт

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова бүгүн күрөш боюнча дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешине чыгат. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтында айтылгандай, ал түштүк кореялык Минджи Хага каршы күрөшөт

68 килограмм салмакта күч сынашкан Токио Олимпиадасынын коло байге ээси Жуманазарова атаандашы менен мелдештин баштапкы (квалификациялык) этабында кездешет.

Бүгүн дүйнө чемпионатынын кыз-келиндер күрөшүндө 57, 59, 68 жана 72 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашат.

Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча дүйнө чемпионаты Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-7-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.