AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болду

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова алтын медаль тагынды. Ал бүгүн, 7-октябрда финалда жапониялык балбан Рин Мияжи менен беттешип, мөөнөтүнөн мурда 4:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Жуманазарова төрт беттеш өткөрүп, алгач, кореялык балбан Минжи Ханы 8:0, чейрек финалда канадалык Оливия Ди Баккону 7:1 эсебинде жеңген.

Жарым финалда орусиялык Ханум Велиеваны 3:3 эсебинде уткан.

Бул Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командадан үч спортчу барган. 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова алтын медал тагынса, 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы коло байгенин ээси болду 

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан барган..

Мелдеште азырынча Кыргызстандын балбандарында эки алтын, бир күмүш жана эки коло байге бар. Буга чейин эркин күрөш боюнча беттештерде күмүш байгени 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев, коло медалды 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов алган. Ал эми 7-октябрда грек-рим күрөшүнөн Сардарбек Конушбаев (55 кг), Руслан Царев (72 кг), Кайратбек Түгөлбаев (77 кг) жана Калидин Асыкеев (82 кг) килемге чыгып жеңилишти.