AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Кечээ "Күз деми" марафону болуп өттү

Кечээ 10-октябрь күнү Бишкекте Күз деми эл аралык  марафону өттү. Аталган марафон бешинчи ирет өтүп жатат. Жарыштын катышуучулары  "Манас" аэропортунан баштап  ​​"Аска -Таш" мемориалдык комплекси боюнча 5, 10, 21 жана 42 км аралыкты басып өттү. Марафондун алкагында балдар жарышы да өткөрүлүп, ага 3-16 жашка чейинки балдар катышты. Иш-чаранын эң жаш катышуучусу 3 жашта болсо, эң улуусу 87 жашта.

Уюштуруучулардын айтымында, марафонго 20дан ашык мамлекеттин өкүлдөрү катышкан: Кыргызстан, Казакстан, Россия, АКШ, Франция, Эстония, Германия, Италия, Кытай, Түркия, Катар, Индия, Аргентина, Улуу Британия ж.б.

Жөө күлүктөр болжол менен 40% 80ден ашуун компаниялардын корпоративдик катышуучулары болгон. Таң эрте жааган жамгырга карабай, старт аянтында майрамдык атмосфера уланды. Катышуучулар үчүн бай шоу программа, жарманке, фото зоналар, фуд-корт, акысыз массаж жана эс алуу жайлары уюштурулду.

Белгилей кетсек, аба ырайынын шарттарына, ошондой эле көптөгөн байге ээлери баштапкы шаарды таштап кеткенине байланыштуу, уюштуруучулар жеңүүчүлөрдү сыйлоону кийинки аптага жылдырган.