AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатындп 11-орунду ээледи

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы Ослодо (Норвегия) өткөн дүйнө чемпионатында 11-орунду камсыз кылды.

Эркин күрөш боюнча турнир 2-5-октябрда өтүп, жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулган.

Кыргызстандын атынан 4 спортчу катышты. Алардын ичинен Эрназар Акматалиев финалга чейин жетип, 70 кг салмактагы турнирде күмүш медалга ээ болду. 65 килограммга чейинки салмакта Алибек Осмонов 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

Улукбек Жолдошбеков (61 кг чейин) менен Арслан Будажапов (79 кг чейин) алгачкы беттештерде жеңилип, медаль үчүн күрөшкө катышкан жок.

Бул жыйынтык Кыргызстандын командасына 35 упай топтоп, 53 команданын ичинен 11-орунду алууга мүмкүнчүлүк берген.