AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль тагынды

Норвегияда өтүп жаткан Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль тагынды.

Балбан кечээ 9-октябрда финалда молдовалык Виктор Чобану менен күрөшүп, 3:9 эсебинде жеңишти колдон чыгарган. Ал эми мелдештин 1-айлампасында Шаршенбеков үч упай менен алдыга чыккан. 2-айлампада тогуз упай молдовалык балбандын эсебине жазылды.

 

Шаршенбеков менен Чобану быйыл Токиодо Олимп оюндарында чейрек финалда беттешип, молдовалык балбан жеңген эле.

 

Жоламан Шаршенбеков менен Виктор Чобану экөө тең 2018-жылы Венгрияда өткөн Дүйнө чемпионатында күмүш байге алышкан. Ал кезде Шаршенбеков 55 кг, Чобану 60 кг салмакта күч сынашкан. Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең күмүш байге алган алгачкы кыргызстандык спортчу болду.

 

Бул дүйнө чемпионатында Шершенбеков төрт беттеш өткөргөн. Алгач белорустук Максим Кажарискини 2:0, Ираклий Дзимистраишвилини 5:2, жарым финалда азербайжандык Мурад Маммадовду 4:2 эсебинде жеңген.

 

Ушуну менен Кыргызстандын балбандары Норвегиянын Осло шаарындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында таймаштарын жыйынтыктады. 9-октябрь күнү грек-рим күрөшүнөн Калы Сулайманов (63 кг.) жана Марлен Асикеев (67 кг.) килемге чыгып, жеңишти колдон чыгарган. Сулайманов алгачкы беттешинде жапониялык Кензуке Шимизуга жеңилип жарыштан четтесе, Асикеев алгач украиналык Алексей Масюкту жеңип (7:4), 1/8 финалда мелдеш кожоюну Мортен Торесенге утулду (4:6).

 

Дүйнө чемпионатында буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло байгеге ээ болгон. Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло тагынган.

 

2-октябрда Осло шаарында башталган Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрда аяктайт.