AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатынын алтыны үчүн күрөшөт

 Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова бүгүн, 7-октябрда Ослодо (Норвегия) өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль үчүн күрөшөт.
 
Ал турнирге 68 килограммга чейинки салмакта катышып жатат.
 
1/8 финалда Жуманазарова кореялык балбанды, ал эми 1/4 финалда канадалык спортчу менен беттешип, аны 7: 1 эсебинде жеңген.
 
1/2 финалда кыргызстандык айым россиялык Ханум Велиева менен кармашып, жеңишке жетип, финалга жолдомо алды.
 
Бүгүн 7-октябрда Жуманазарова финалдык беттеште жапониялык балбанга каршы күрөшөт.
 
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22: 00дө башталат.
 
68 кг чейин
 
1/8 финал
 
Минжи Ха (Корея) - Мээрим Жуманазарова - Жуманазарованын каркас боюнча жеңиши
 
1/4 финал
 
Мээрим Жуманазарова - Оливия Грейс Ди Бакко (Канада) - 7: 1
 
1/2 финал
 
Мээрим Жуманазарова - Ханум Велиева (Россия) - 3: 3, Жуманазарованын жеңиши
 
Финалдык беттеш
 
Мээрим Жуманазарова - Рин Мияджи (Япония)