AUCA the best 2

2024-04-18

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Жоламан Шаршенбеков финалда

Жоламан Шаршенбеков Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинин финалына чыкты.

Ал кечээ 8-октябрь күнү эркин күрөш боюнча 60 кг салмакка чейинки категорияда катышып жатат.

Шаршенбеков 1/8 финалда белоруссиялык балбанды 2:0 эсебинде жеңген. Ал эми ¼ финалда грузиялык балбан Ираклий Дзимистаришвили менен күрөшүп, жеңишке жетишип, жарым финалга жолдомо алган.

Шаршенбеков жарым финалда азербайжандык Мурад Мамедов менен беттешип, аны 4:2 эсебинде жеңди.

Бүгүн 9-октябрда финалдык беттеште Шаршенбеков молдовалык Виктор Цебану менен күрөшөт. Белгилей кетсек Жоламан аны менен Токио Олимпиадасында кез келип, утулуп калган эле.

60 кг чейин

1/8 финал

Максим Казарски (Белоруссия) — Жоламан Шаршенбеков - 2:0

1/4 финал

Жоламан Шаршенбеков — Ираклий Дзимистаришвили - 5:2

1/2 финал

Жоламан Шаршенбеков — Мурад Мамедов (Азербайжан) - 4:2