AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиону Каныбек Осмоналиев депутаттыкка талапкерлигин койду

Кыргыз спортчусу, коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз калтырган. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Каныбек Осмоналиев Чүй облусунун №31 Чүй-Кемин округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн.

Учурда парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн 387 талапкерден арыз түшкөн.

Мындан сырткары 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана анын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамы боюнча өтөт. Ага ылайык парламентте 90 депутат болот. Алардын ичинен 54 депутат партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерди каттоо кечээ, 13-октябрда аяктады. Ал эми документтерди кабыл алуу 18-октябрда аяктайт.

Белгилей кетсек, кыргыз спортун дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев, дүйнө чемпионатында 4 жолу алтын медалга ээ болуп, Европанын эки жолку чемпиону болгон.