AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Балбан Айпери Медет кызы Сербияда өтө турган дүйнө биринчилигине катышат

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Сербияда өтө турчу 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатына катышат. 

Аталган эл аралык спорттук мелдеш 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербия шаарында өтөт. Анда 23 жашка чейинки балбандар күч сынашат. Белгилей кетсек, 76 килограмм салмак менен күрөшкөн Айпери Медет кызы Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган эле.

Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде 76 килограмм салмакта төртүнчү орунга көтөрүлгөн.