AUCA the best 2

2024-09-08

Жаңылыктар

Төрөхан Багынбаев джиу-джитсу боюнча Орусияда өткөн мелдеште жеңүүчү болду

Кыргызстандык спортчу Төрохан Багынбаев ACBJJ версиясы боюнча джиу-джитсу боюнча Россиянын ачык чемпионатынын жеңүүчүсү аталды.

Ал күрөң курлар арасында 75 кг чейинки салмак категориясындагы турнирге катышып, 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.

Багынбаев турнирге абсолюттук салмак категориясында да катышып, финалга чейин жетип, 2-орунду камсыз кылган эле.