AUCA the best 2

2024-04-19

Токио-2020

Олимпида оюндары: Махмудов, Жуманазарова жана Жузупбековдун атаандаштары аныкталды

Кыргыз республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын спортчулары  Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбековдун атаандаштары аныкталды.

Толугу менен...

Олимпиада оюндары: Жоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөшөт

Шаршенбеков Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыга алган жок. Ал грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 60 кг салмакта күч сынашкан. 1/8 финалда анын атаандашы казакстандык Мейрамбек Айнагулов болуп, Шаршенбеков аны 8:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.

Толугу менен...

Олимпиада оюндары: Айпери Медет кызы чейрек финалга чыкты

Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курамасынын мүчөсү Айпери Медет кызы 76 кг салмак чен бирдигинде  1/8 финалда Казакстандык Элмира Сыдыкова менен күч сынашкан. Жыйынтыгында  8:1 эсебинде жеңишке жетти. 

Толугу менен...

Айаал Лазеров жана Эрназар Акматалиев машыктыруучулары менен бирге Токиого сапар алды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү Эрназар Акматалиев жана Айаал Лазарев жайкы Олимпиадалык оюндарга сапар алышты.

Толугу менен...

Каныкей Кубанычбекова жана Роман Петров Кыргызстанга учуп келди

Каныкей Кубанычбекова жана Роман Петров бүгүн саат 4:40 Кыргызстанга учуп келди. Спортчуларды жол-жолдоштору жана ата-эне бир туугандары Манас Эл аралык аэропортунан тосуп алды. Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарында 24-июль күнү ок атуу спортунун түрү боюнча 48-орунду камсыз кылган.

Толугу менен...

Машыктыруучу Мейрамбек Ахметов Олимпиада оюндарында калыстык кылат

Токиодогу Олимпиада оюндары күрөш боюнча Машыктыруучу Мейрамбек Ахметов калыстык кылат. Бул тууралуу КРнын күрөш федерациясынын билдирди. Маалыматка ылайык Ахметов кечээ 28- июлда Токиого учуп кеткен.

Толугу менен...

Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков жана анын машыктыруучусу Сатыбек Чокаев Токиого сапар алды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков машыктыруучусу Сатыбек Чокаев менен бирге жайкы Олимп оюндарына сапар алды.

Толугу менен...

Токио Олимпиадасы: Айпери Медет Кызы жана анын атаандаштары

1-августта Токиодо Олимпиада оюндарында күрөш боюнча мелдеш башталат. Аталган спорттун түрү боюнча мелдештин биринчи күнүндө эркектер жана кыз-келиндер арасында грек-рим жана эркин күрөшү боюнча 3 медалдар топтому ойнотулат.

Толугу менен...

Тыныбекова, Жуманазарова жана Айпери Медет кызы Токиого учуп кетти

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова Токиого сапар алды. Ошондой эле аларды башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев коштоп кетти.

Толугу менен...

Олимпиада: Петрашов 18-орунда жарым финалга чыгууга 0,12 секунд жетпей калды

Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргызстандык спортчу Денис Петрашов бүгүн, 27-июлда 200 метр аралыкка брасс стилинде сүзүү боюнча мелдешке чыкты.

Толугу менен...

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Токиого сапар алды

Бүгүн, грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасы Токиого сапар алды. Спортчуларды Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттике караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов, күрөш бөлүмүнүн куратору Азамат Бекмурзаев, Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Канат Бегалиев жана федерация өкүлдөрү, балбандардын жакындары, достору жана күйөрмандары узатууга келишти.

Толугу менен...

Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Токиого жөнөп кетти

 Оор атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Бекдоолот Расулбеков, башкы машыктыруучусу Камбар Токтоналиев жана улук машыктыруучусу Өмүржан Молдодосов менен бирге Японияга жөнөп кетти.

Толугу менен...

Кыргызстандык спортчу Олимпиада оюндарында сууда сүзүү боюнча 27 оорунду ээледи

Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Токиодогу Олимпиада оюндарында 27 оорунду камсыз кылды. Бүгүн 24-июлда кыргызстандык 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен 1 мүнөт 0,23 секунда маарага келген.

Толугу менен...

Олимпиада: Каныкей Кубанычбекова 48-орунга жазылды

Токиодогу Олимпиада оюндарында Кыргызстандын курама командасынан алгачкылардан болуп Каныкей Кубанычбекова мелдешке чыкты. 10 метрге ок атуу боюнча бүгүн эртең мененки күч сынашууга жалпы 50 спортчу катышкан.

Толугу менен...

Олимпиада: Кыргызстандык спортчулар кайсы күндөрү мелдешке чыгат?

Бул жолку Олимпиада (32-оюн) оюндары Япониянын Токио шаарында өтүп жатат. Дүйнөлүк масштабдагы мелдешке Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алууга жетишкен. Алардын арасынан сууда сүзүүчү Денис Петрашов 100 жана 200 метр дистанцияда күч сынашат.

Толугу менен...

Олимпиада: Кыргыз желегин К.Кубанычбекова менен Д.Петрашов көтөрүп чыгат

Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин ким көтөрөрү белгилүү болду. Олимпиаданын ачылыш аземи 23-июлда болот.

Толугу менен...