AUCA the best 2

2024-04-26

Токио-2020

Тыныбекова, Жуманазарова жана Айпери Медет кызы Токиого учуп кетти

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова Токиого сапар алды. Ошондой эле аларды башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев коштоп кетти.

Спортчуларды Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов, күрөш бөлүмүнүн куратору Азамат Бекмурзаев узатышты.

Аталган спортчуларыбызга үмүтүбүз чоң! Жеңиш сиздер тарапта болот деп ишенебиз!

Айпери Медет кызы 1-августта саат 08:00до Токио Олимпиадасындагы биринчи мелдешин өткөрөт

Мээрим Жуманазарова 2-августта сааат 08:30да күчүн сынайт.

Айсулуу Тыныбекова 3-августта, саат 8:30да килем үстүнө чыгат.

Булак: sport.gov.kg