AUCA the best 2

2024-04-25

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Айпери Медет кызы чейрек финалга чыкты

Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курамасынын мүчөсү Айпери Медет кызы 76 кг салмак чен бирдигинде  1/8 финалда Казакстандык Элмира Сыдыкова менен күч сынашкан. Жыйынтыгында  8:1 эсебинде жеңишке жетти. 
Биринчи раундда калыстар кыргызстандык балбанга атаандашынын пассивдүүлүгү үчүн 1 балл берсе, экинчи раундда тескерисиенче Казакстандык балбанга атаандашынын пассивдүүлүгү үчүн 1 балл берип, эсеп саны теңелген. 
Кыргызстандык балбан атаандашын килемден сүрүп чыгарып, бир упай алып аркасынан чыгып дагы 6 упайга ээ болгон.
Белгилей кетсек,  Айпери  Медет кызынын атаандашы Элмира Сыздыкова Рио 2016 жайкы Олимп оюндарынын коло байгесинин ээси. Ал эми жарым чейрек финалда Айпери Медет кызы Россиялык  Наталья Воробьева менен күч сынашат. Ал Египеттик балбан менен күч сынашып 16:12 эсебинде жеңүүчү болду.