AUCA the best 2

2024-04-25

Токио-2020

Айаал Лазеров жана Эрназар Акматалиев машыктыруучулары менен бирге Токиого сапар алды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү Эрназар Акматалиев жана Айаал Лазарев жайкы Олимпиадалык оюндарга сапар алышты.
 
 Ошондой эле аларды  башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов жана улук машыктыруучусу Табылды уулу Сүймөнкул коштоп кетти. Спортчуларды Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттике караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов, күрөш бөлүмүнүн куратору Азамат Бекмурзаев  жана спортчулардын санаалаштары узатышты. 
Эскерте кетсек, Айаал Лазарев 5-августта саат 08:30да күрөшөт.
Ал эми Эрназар Акматалиев 6-августта саат 08:00до килем үстүнө чыгат. 
Булак: sport.gov.kg