AUCA the best 2

2024-04-20

Токио-2020

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Токиого сапар алды

Бүгүн, грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасы Токиого сапар алды. Спортчуларды Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттике караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов, күрөш бөлүмүнүн куратору Азамат Бекмурзаев, Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Канат Бегалиев жана федерация өкүлдөрү, балбандардын жакындары, достору жана күйөрмандары узатууга келишти.
 «Пекин 2008» жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Канатбек Бегалиев: «Силердин мындан аркы ийгилигиңер өзүнөрдөн көз каранды. Жалпы кыргыз эли силерди колдойт! Жолуңар байсалдуу болуп, байгелүү келишиңиздерге тилектешмин»,- деп билдирди.
 
Грек-рим күрөшү боюнча курама команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев жетектейт.
 
Белгилей кетсек, биринчилерден болуп 1-августта саат 8:00 до, 60 кг салмака чейинкилер арасында Жоламан Шаршенбеков килемге чыгат. Ал эми 2-августта 77 жана 97 кг салмака чейинкилер арасында Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков өлкө намысын коргомокчу. 3-август саат 8:00 до, 87 кг салмака чейин Атабек Азизбеков дүйнөнүн мыктылары менен күч сынашат.
Булак: sport.gov.kg