AUCA the best 2

2024-04-25

Токио-2020

Кыргызстандык спортчу Олимпиада оюндарында сууда сүзүү боюнча 27 оорунду ээледи

Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Токиодогу Олимпиада оюндарында 27 оорунду камсыз кылды. Бүгүн 24-июлда кыргызстандык 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен 1 мүнөт 0,23 секунда маарага келген.
Бул жыйынтык Кыргызстан үчүн жаңы рекорд болуп калды. Бирок бул ага мелдештин жарым финалына чыгуусуна жардам бере алган жок.
 
Спорттун бул түрүнөн бүгүн жалпысынан 49 суучул ат салышкан.
 Кыргызстандык атлет үчүн Олимпиада мелдеши аяктаган жок. 27-июлда ал брасс ыкмасында 200 метр аралыкка сүзүүдө күч сынашат.