AUCA the best 2

2024-04-27

Токио-2020

Олимпиада: Кыргыз желегин К.Кубанычбекова менен Д.Петрашов көтөрүп чыгат

Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин ким көтөрөрү белгилүү болду. Олимпиаданын ачылыш аземи 23-июлда болот.

Ачылуу аземинде Каныкей Кубанычбекова менен Денис Петрашов Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгат. Каныкей Японияда ок атуу боюнча мелдештерге, Денис сууда сүзүү боюнча мелдештерге катышат.

Буга чейин Олимпиада оюндарына бара турган кыргыз спортчуларынын капитаны болуп грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков тандалган. Ал министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун колунан Кыргызстандын желегин өткөрүп алган.

Бирок Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Японияга 28-июлда барат. Ал эми Олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземи 23-июлга пландалган.

Учурда Японияда Кыргызстандын спортчуларынан Денис Петрашов (сууда сүзүү), Каныкей Кубанычбекова (мылтыктан ок атуу) жана Роман Петров (фехтование) бар.