AUCA the best 2

2024-04-19

Токио-2020

Олимпиада: Петрашов 18-орунда жарым финалга чыгууга 0,12 секунд жетпей калды

Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргызстандык спортчу Денис Петрашов бүгүн, 27-июлда 200 метр аралыкка брасс стилинде сүзүү боюнча мелдешке чыкты.

Аталган дисциплинада жалпы 40 спортчу күч сынашып алар 5 топко бөлүнгөн.

Петрашов 2-топтогу спортчулар менен жарышып, 2 мүнөт 10,07 секундда маарага биринчи болуп келип, бирок бул убакыт финалга өтүүгө жеткен жок.