AUCA the best 2

2024-04-19

Токио-2020

Олимпида оюндары: Махмудов, Жуманазарова жана Жузупбековдун атаандаштары аныкталды

Кыргыз республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын спортчулары  Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбековдун атаандаштары аныкталды.

Бүгүн, 1-августта 77 килограмдан 97 килограммга чейинки салмак чениндеги спортчулар чүчүкулак кармалган.

Махмудов 1/8 финалда 77 килограммга чейинки салмак ченинде Тунистик балбан менен күч сынашат.

 Ал эми Жузупбеков 1/8 финалдык баскычтан баштайт. Анын атаандашы армениялык Олимпиада чемпиону Артур Алексанян беттешет.

Ошондой эле бул күнү Мээрим Жуманазарова эркин күрөш боюнча 68 кг чейинки салмак категориясындагы турнирде килемге чыгат. 1/8 финалда анын биринчи атаандашы болгариялык Мими Христова болот.

Бул салмактык категориядагы беттештер 2-августта өтөт.