AUCA the best 2

2024-04-20

Токио-2020

Олимпиада оюндары: Жоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөшөт

Шаршенбеков Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыга алган жок. Ал грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 60 кг салмакта күч сынашкан. 1/8 финалда анын атаандашы казакстандык Мейрамбек Айнагулов болуп, Шаршенбеков аны 8:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.

Чейрек финалда анын атаандашы молдовалык Виктор Чибану болуп, Молдовалык спортчу кыргызстандыкты 9:0 эсебинде жеңип, жарым финалга өткөн.

Эгерде Чобану финалга чыкса, анда Шаршенбеков коло үчүн күрөшүү укугуна ээ болот.

Финалга чыгуу үчүн күрөш Бишкек убактысы боюнча 15:15те башталат.

60 кг чейин

1/8 финал

Жоламан Шаршенбеков - Мейрамбек Айнагулов (Казакстан) - 8:0

1/4 финал

Виктор Чибану (Молдова) - Жоламан Шаршенбеков - 9:0