AUCA the best 2

2024-03-29

Токио-2020

Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков жана анын машыктыруучусу Сатыбек Чокаев Токиого сапар алды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков машыктыруучусу Сатыбек Чокаев менен бирге жайкы Олимп оюндарына сапар алды.
Спортчуларды Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов узатты!
 
Биздин жөө күлүк 6-августта саат 18:00до 5000 метр аралыкта өз күчүн сынайт.
Булак: sport.gov.kg