AUCA the best 2

2024-04-20

Токио-2020

Токио Олимпиадасы: Айпери Медет Кызы жана анын атаандаштары

1-августта Токиодо Олимпиада оюндарында күрөш боюнча мелдеш башталат. Аталган спорттун түрү боюнча мелдештин биринчи күнүндө эркектер жана кыз-келиндер арасында грек-рим жана эркин күрөшү боюнча 3 медалдар топтому ойнотулат.

 

 Кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча 76 килограммга чейинки салмакта ченинде дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы катышат. Жалпысынан бул салмакта 16 спортчу жарыяланган.

Ошол эле күнү Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча мелдешке чыгат. Бул салмак категориясы боюнча чүчү кулак 31-июлда болот.