AUCA the best 2

2024-04-19

Токио-2020

Олимпиада оюндары: оор атлет Бекдөөлөт Расулбеков 6-орунду камсыз кылды

Токио шаарында өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында кыргызстандык оор атлет Бекдөөлөт Расулбеков 6-орунду камсыз кылды.

Ал бүгүн, 31-июлда 96 килограмм салмакта күч сынашты. Булкуп көтөрүүдө 166 кг, түртүп көтөрүүдө 208 салмакты көтөрүп, жалпы 374 килограмм салмакты багындырды.
Бул салмакта жалпысынан 10 спортчу байге үчүн ат салышкан. 1-орунду Катар спортчусу Элбах Фарес Ибрахим алып, 402 килограмм салмакты эсебине жазуу менен Олимпиаданын рекордун да жаңыртты. Катарлык оор атлет
булкуп көтөрүүдө 177 кг, түртүп көтөрүүдө 225 килограммды көтөрдү. Бул 225 кг. салмакты көтөрүү менен Элбах Фарес Ибрахим Олимпиаданын рекордун да жаңыртты. Күмүш жана коло байгелерди 387 килограммды эсебине жазган Венесуела спортчусу Кейдомар Валенилья (177 кг, 210 кг.) менен Грузиянын өкүлү Антон Плесной багындырды.