AUCA the best 2

2024-04-24

Токио-2020

Токиодогу Олимпиада: Дзюдочу Владимир Золоев мелдешин жыйынтыктады

Токио шаарында Олимпиада оюндары өтүп жатат. Кыргызстандык спортчу Владимир Золоев болсо мелдештерин жыйынтыктады.

 

Золоев бүгүн 27-июлда 81 кг чейинкилер арасында мелдешин баштаган. Жыйынтыгында  ал 1/16 финалдан баштап, россиялык Алан Хубецов менен күс сынашкан.

Алгачкы 4 мүнөт ичинде жеңүүчү белгилүү болгон эмес. Бирок бул учурда Золоев 2 жолу эскертүү алган.

Бирок кошумча убакыттагы 48-секундда Золоев моңголиялык калыс тарабынан дагы бир жолу — үчүнчү эскертүүнү алып, муну менен мелдештен четтетилген. Эми ал медаль үчүн күрөшө албайт.