AUCA the best 2

2024-04-20

Токио-2020

Токио Олимпиадасы: Жоламан Шаршенбеков чейрек финалга чыкты

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз республикасынын курама командасы мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Токиодогу Олимпиада оюндарында ийгиликтүү баштады.

Бүгүн, 1 -августта Японияда күрөш боюнча мелдеш башталды. Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/8 финалдан баштады. Кыргызстандык балбандын  атаандашы дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси казакстандык Мейрамбек Айнагулов болду.

Жоламан 8: 0 эсебинде утуп, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетип, чейрек финалга жолдомо алды. Чейрек финалда Шаршенбеков дун атаандашы түркиялык Керем Камалды дүйнөлүк рейтингде үчүнчү катарда жеңген молдовалык Виктор Цебану болот.