2024-03-28
Бишкекте бадминтон боюнча чемпионат өттү
Бишкекте 19-ноябрда эркектер жана аялдар арасында бадминтон боюнча турнир болуп өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук мелдешке 40тан ашык адам катышты. Чемпионат беш категорияда өткөрүлдү: жалгыз эркектер, аялдар, эркектер, аялдар жана аралаш жуптар.
Кыргызстандык спортчу ушу боюнча дүйнө чемпионатында коло утту
Кыргызстандын ушу-саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Авазбек Аманбеков дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин 70 жылдык мааракеси белгиленди
Бүгүн, 20-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз жана советтик оор атлетчи, Европанын эки жолку жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Олимпиада чемпиону, СССРдин эмгек сиӊирген спорт чебери, КР эмгек сиӊирген машыктыруучусу, III даражадагы "Манас" орденинин ээси Каныбек Осмоналиевдин 70 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди.
Бишкекте фехтование боюнча өлкө чемпионаты өттү
Бишкекте күн мурун фехтование боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Кыргызстандык жаш дзюдочулар Азия чемпионатында алты медаль жеңди
Кыргызстандын дзюдо боюнча жаштар курама командасы Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн Азия чемпионатында 6 медаль жеңди. Анын ичинде 1 алтын, 3 күмүш жана 2 күмүш. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
ӨКМдин кызматкери пауэрлифтинг боюнча дүйнөдө биринчи болду
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Тилек Арапбаев 16-19-ноябрда Бишкекте өткөн пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатында биринчи орунду алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Кыргызстанда чөп үстүндөгү хоккейди өнүктүрүү маселеси талкууланды
Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Азия жана Эл аралык чөп үстүндөгү хоккей федерациясынын өнүктүрүү боюнча директору Захид Али менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.