2024-09-15
Бивол 23-декабрда титулун коргоо үчүн Линдон Артур менен беттешет
Орусиялык мушкер Дмитрий Бивол 23-декабрда Эр-Риядда (Сауд Арабиясы) WBA жеңил салмактагы чемпиондук курун коргоо үчүн рейтингдин алдыңкы ондугуна кирген Линдон Артур менен беттешет. Бул тууралуу "Boxingnews24" кабарлады.
Бишкекте шаар тургундарынын арасында күзгү спартакиада өттү
Бишкектин Биринчи май, Октябрь, Ленин жана Свердлов райондорунун жашоочулары арасында күзгү спартакиада өттү. Спартакиаданын алкагында спорттук аянтчаларда волейбол, кичи-футбол, стол тенниси, аркан тартыш жана шахмат боюнча мелдештер өттү.
Кенжебүбү Ырысбек кызы Өзбекстан чемпионатында хет-трик жасады
Кыргызстандын улуттук командасынын футболчусу Кенжебүбү Ырысбек кызы Өзбекстан чемпионатында бир беттеште 3 гол киргизди.
Жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандыктар 10 алтын медаль утту
Латвияда өткөн жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын спортчулары ийгиликтүү оюн көрсөтүштү. 10-12-ноябрь күндөрү Даугавпилс шаарында “Combat Ju-Jutsu” турнири өттү. Кыргызстандыктар 20 медаль - 10 алтын, 5 күмүш жана 5 коло байгеге ээ болушту.
Испаниялык спортчу Кыргызстандын курама командасын машыктырат
Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп испаниялык Луис Бернат Молина дайындалды. КРдин Футзал ассоциациясынан билдиришкендей, 14-ноябрда Кыргызстандын футбол союзунун кеңсесинде келишим түзүлдү.
Ташиев дүйнө чемпиону болгон 9-кызматтын кызматкерин сыйлады
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев комитеттин 9-кызматынын кызматкери Таалай Жанаевди ведомстволук “Эрдик” сыйлыгы менен сыйлады.
Майыптыгы бар жарандар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү
Бишкекте спартакиаданын алкагында майыптыгы бар жарандар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.