2021-04-14
Көк бөрү оюну боюнча Чүй чемпионаты өтөт

Чүй облусунун Сокулук районуна карштуу Белек ат майданынында көк бөрү оюну боюнча чемпионат өтөт. Мелдешке райондордон сырткары, биринчи жана жогорку лигада ойногон командалар да катышат. Мындан сырткары башка региондордун командаларында контрактык негизде ойноп келген улакчылар да катыша алат.
Кыргызстандык балбан Россияда өткөн Алыш турниринен алтынын жеңип алды

Кыргызстандык спортчу Азизхан Мусабек уулу Алышта өткөн эл аралык турнирдин алтын медалын жеңип алды. Эл аралык турнир 21-мартта Волоколамск шаарында (Россия) Россия, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан 69 спортчунун катышуусунда өттү.
Жеңил отлетика боюнча Кыргызстандын курама командасы Ташкент марофонуна катышат

28-мартта жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык Ташкент марафонуна катышат (Өзбекстан). Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.
Олимпиада командасына бөлүнгөн каражат

Олимпиада командасына мамлекет тарабынан 105 миллион сом бөлүнгөн, бирок азырынча 16 миллион сом гана бөлүнгөн. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов ("Ата Мекен") парламенттин 25-марттагы жыйынында билдирди.
Кыргызстан курама командасы экинчи беттешин өткөзөт

Бүгүн, 25-мартта футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы (U-23) Непалда өтүп жаткан эл аралык мелдеште экинчи беттешин өткөрөт. Ушул күндөрү Катмандуда (Непал) үч команданын - Непал менен Бангладештин курама командаларынын, ошондой эле Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын (U-23) катышуусунда 2021-жылдагы Улуттар Кубогу өтүп жатат.
Тайсон 25 миллиондон жана Холифилд менен беттешүүдөн баш тартты

Мушкер Майк Тайсон эки салмактагы мурдагы талашсыз чемпион Эвандер Холифилд менен күрөшүү үчүн 25 миллион долларлык келишимден баш тартты деп билдирди MMA Fighting. Маалыматка ылайык, тараптар бир нече айдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен, ал эми Холифилд тарап келишим сөзсүз түрдө бүтөт деп ишенген. Бирок, Холифилддин өкүлдөрүнүн айтымында, Тайсондун талаптары кабыл алынгыс болуп, келишим ишке ашкан эмес.
Бишкек шаарында көркөм гимнастика боюнча республикалык чемпионат өттү

20-21-март күндөрү Бишкек шаарында көркөм гимнастика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү.
Мелдешке жалпысынан 73 спортчу катышты.
Мелдештин катышуучулары скакалка, топ, булава жана алкак сыяктуу дисциплиналарда жарышышты.
Мелдештин ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, Кыргыз Республикасынын гимнастика федерациясынын президенти Асад Асадов катышты.