2024-11-04
Дзюдочу Асад Масабиров эл аралык турнирде 7-орунду ээледи
Кыргызстандык дзюдочу Асад Масабиров БАЭде өткөн эл аралык турнирде 7-орунга ээ болду. Ушул күндөрү Абу-Дабиде кезектеги Abu Dhabi Grand Slam 2023 сериясындагы “Чоң шлем” турнири өтүп жатат.
Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды
Кыргызстандык спортчу Бекзат Алмаз уулу 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.
Спорт федерацияларынын жетекчилери бейформал жолугушту
Кыргызстандагы спорт федерациялардын жетекчилери бейформал жолугушуу өткөрдү. Кезектеги иш-чара XIX жайкы Азия оюндарындагы кыргыз спортчуларынын ийгиликтерине арналды. Аны КРдин Күрөш федерациясы уюштурду.
Көзү азиз сууда сүзүүчү Дастан Камчыбеков Азия оюндарында 5-орунду ээледи
Көзү азиз сууда сүзүүчү Дастан Камчыбеков Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарында 5-орунга ээ болду. 24-октябрда ал 400 метрге эркин сүзүүдө мелдешке чыккан.
Пара Азия оюндары: Хайитхон Хусан кызы алтын медаль жеңип алды
Кыргызстандык спортчу Хайитхон Хусан кызы Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Кыргызстандык самбочулар дүйнөлүк оюндарда үч коло медаль утушту
Эр-Риядда (Сауд Арабиясы) өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк күжүрмөн өнөрү оюндарында (WCG) Кыргызстандын самбочулары үч коло медалга ээ болушту.
Пара Азия оюндары: Хайитхон Хусан кызы финалга чыкты
Кыргызстандын парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Ханчжоу шаарында (Кытай Эл Республикасы) өтүп жаткан Пара Азия оюндарынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.