2021-04-14
Оор атлетика дагы Олимпиаданын программасынан четтетилүү коркунучунда туурат

"Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) башчысы Томас Бах оор атлетиканы 2024-жылдагы Олимпиада оюндарынын мелдештеринин программасынан чыгаруу маселеси каралышы мүмкүн" деп билдирди. -
Тилекке каршы, оор атлетика федерациясы жөнүндө сөз кылышым керек. IWF эскертүүлөргө карабастан биздин талаптарды эске алган жок. Эгерде биздин тынчсыздануубуз жоюлбаса, анда Париждеги Олимпиадага катышуу жана андан кийинки суроолор туулат" - деп билдирди Бах ЭОК Аткаруу комитетинин жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда.
Кыргыз күрөш боюнча республиканын чемпиондору аныкталды

22-23-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда (Бишкек шаары) кыргыз күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан жана Бишкек шаарынан 226 спортчу катышып, алар 7 салмакта күч сынашты.
Чемпиондор менен байге ээлери диплом жана медалдар менен сыйланышты.
Адилет Камчыбеков пара-жеңил атлетика боюнча гран-приде коло медаль жеңди

Пара-жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Адилет Камчыбеков жана Арстанбек Базаркулов машыктыруучусу Алмаз Абиров менен бирге 18-20-март күндөрү Тунисте өткөн лицензиялык «Гран-при» мелдешине катышты.
Адилет Камчыбеков дискти ыргытууда коло медаль жеңди.
Ошто Нооруз майрамына арналган ат оюндары өттү

16-21-март күндөрү «Төлөйкөн» ат майданында (Ош облусу) Нооруз майрамына арналган ат оюндары өттү. Улуттук оюндарга Баткен, Жалал-Абад, Ош облусунан жана Ош шаарынан командалар катышты.
Үч Улуттар Кубогу: Кыргызстан (U-23) Бангладеш менен ойноду

23-мартта футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы (U-23) Непалда өтүп жаткан эл аралык мелдеште старт алат. Катмандуда Үч улут кубогу турнири башталат, ага Непал менен Бангладештин курама командалары, ошондой эле Кыргызстандын U-23 олимпиадалык курама командасы катышат.
Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship турнирин жеңип алды

Кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship турнирин жеңип алды. Мелдеш 19-мартта Краснодар шаарында өттү. Турнирдин башкы картасынын дуэлинде Абдибаит уулу орусиялык Владислав Королевский менен беттешти. Ар бири 5 мүнөттөн турган үч раунддун жыйынтыгында, калыстар өзүнчө чечим менен жеңишти Кыргызстандын өкүлүнө берди.
Азат Усеналиев Түркияда өткөн мелдеште биринчи оорунду алды

Кыргыз мушкери Азат Усеналиев Түркияда өткөн "Босфор 2021" турниринде 52 кг салмакта катышып, жениңүүчү аталды. мындан сырткары Усеналиев баштаган мушкерлер байгелүү оорундары касыз кылды. 57 кг салмакта Акылбек Эсенбек уулу экинчи оорунду касыз кылса, Байжигит Өмүрбек уулу 75 кг салмакта, 81 кг салмакта Эркин Адылбек уулу үчүнчү оорунду багындырды.