AUCA the best 2

2024-05-03

Жаңылыктар

Кыргызстандык кыздар Азия чемпионатында 3 коло медаль утушту

Бокс боюнча 16 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн Азия чемпионатында Кыргызстандын спортчулары 3 коло медалга ээ болушту.

Турнир ушул күндөрү Астанада (Казакстан) өтүп жатат.

29-октябрда жарым финалдык баскычтын беттештери башталды. Кыргызстандан 3 спортчу рингге чыкты.

Жыйынтыктоочу протоколдо алар 3-орунга ээ болуп, коло сыйлыктарга ээ болушат.

30-октябрда 18 жашка чейинки спортчулар арасында жарым финалдык беттештер орун алат. Кыргызстандан Айжамал Адылбекова (63 кг чейин) күч сынашат.

29-октябрдагы салгылашуулардын жыйынтыгы:

50 кг чейин

Алиэзим Кушубекова - Пари (Индия) - Пари экинчи айлампада жеңишке жетти

57 кг чейин

Зарина Курбанова - Вини (Индия) - 0:5

63 кг чейин

Арууке Камытбекова - Аселя Тулегенова (Өзбекстан) - Тулегенова биринчи раундда жеңишке жетти.