AUCA the best 2

2024-05-04

Жаңылыктар

Азамат Байматов карьерасын Индонезия чемпионатында улантат

Коргоочу Азамат Байматов карьерасын Индонезия чемпионатында улантат. "Алганын" 33 жаштагы коргоочусу Индонезиянын экинчи күчтүү лигасы болгон “ Liga 2де” ойногон "Персипура" клубуна өттү.

Жаңы командада №7 номурду тандаган Байматов бүгүн дебют жасайт, анын командасы Калтенг Путра клубу менен беттешет.

Кыргызстандык буга чейин Индонезиянын чемпионатында - 2018-жылы Борнео (Лига 1) жана 2021-жылы Барито Путера (Лига 1) үчүн ойногон.

Байматов быйылкы сезонду «Бишкек Алга» курамында баштап,  өлкө чемпионатында жана кубокто 21 беттеш өткөргөн.