AUCA the best 2

2024-05-03

Жаңылыктар

Кыргызстандык Амантур Жумаев Азия чемпионатында алтын утту

Кыргызстандын бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында (U-16) алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Спортчу 52 кг чейинки салмакта 1/8 финалдык беттеште кытайдын мушкерин жеңсе, 1/4 финалдык беттеште түркмөнстандык спортчуну уткан. Жарым финалдык беттеште япониянын мушкерин жеңген.

Алтын медаль үчүн беттеште казакстандык мушкерден күчтүүлүк кылып, биринчиликти багындырды.