2024-10-10
Кыргызстанда чөп үстүндөгү хоккейди өнүктүрүү маселеси талкууланды
Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Азия жана Эл аралык чөп үстүндөгү хоккей федерациясынын өнүктүрүү боюнча директору Захид Али менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Ак шумкарлар" Оман менен беттешке майыптыгы бар балдардын коштоосунда чыгат
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эртең Оман менен беттешке майыптыгы бар балдардын коштоосунда чыгат. Бул тууралуу БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирет.
Ошто окуучулар аскердик даярдык жана спорттук мелдеште күч сынашты
Мекенди коргоо эң ыйык милдет! 2023-жылдын 17-ноябрь күнү Ош шаарындагы Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигине караштуу ок атуучу машыгуу полигон талаасында мектеп окуучулары арасындагы «Мыктыгер» аскердик-патриоттук, спорттук жана тарбиялык мелдеши болуп өттү.
Кыргызстандык дзюдочулар "Токио Гранд Слам-2023" мелдешине катышат
Дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Япониянын Токио шаарында өтө турган Токио Гранд Слам 2023 мелдешине катышат. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 2-3-декабрь күндөрү өтөт.
Бишкекте фехтование боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
Бишкекте фехтование боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Биринчилик 19-ноябрда эркектер жана кыз-келиндер арасында өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катыша алат. Башталышы саат 10:00.ьДареги: 7-кичи району, 38/1 “Мушкетеры” залы.
Бишкекте майыптыгы бар балдар арасында VIII шахмат чемпионаты старт алды
Бишкекте майыптыгы бар балдар арасында Кыргызстандын VIII шахмат чемпионатына старт алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Кыргызстандык гимнасттар эл аралык турнирде жеңишке жетти
Кыргызстандын гимнастика боюнча улуттук курама командасы “Огни Енисея” мелдешине катышты. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 15-16-ноябрь күндөрү Россиянын Красноярск шаарында өттү.