AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

"Ак шумкарлар" Оман менен беттешке майыптыгы бар балдардын коштоосунда чыгат

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эртең Оман менен беттешке майыптыгы бар балдардын коштоосунда чыгат. Бул тууралуу БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирет.

Акция 20-ноябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата уюштурулууда.

Демилгенин максаты – балдардын, өзгөчө аялуу катмардагы балдардын укуктарын коргоого коомчулуктун көңүлүн буруу, ошондой эле балдардын өнүгүүсү үчүн спорттун жана футболдун маанилүүлүгүнө буруу.

«Кыргызстанда 28 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жашайт. Алар көп учурда билим берүү же саламаттыкты сактоо сыяктуу кызматтарду алууда кыйналышат. Алар көбүнчө коомдо четтетүүгө жана басмырлоого туш болушат. Кыргызстандын футбол союзу жана улуттук курама командасы балдарга колдоо көрсөткөнү абдан кубандырат», - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло.

Жаш балдар менен футбол беттештерге чыгуу салты 90-жылдардын башында пайда болуп, өзгөчө 2002-жылы, ФИФА менен ЮНИСЕФ Дүйнөлүк чемпионаттын алдында өнөктөшкөгдө күч алган.

“Балдар катышкан мындай иш-чаралар өнүгүү, ден соолук, билим берүү жана инклюзивдүүлүк маселелерине көңүл бурууда чоң роль ойнойт. Балдарды өнүктүрүүдө спорт, өзгөчө футбол абдан маанилүү. Ар бир бала биз үчүн маанилүү жана биз ЮНИСЕФ менен биргеликте балдардын көйгөйлөрүн коомчулукка эскерте алганыбызга кубанычтабыз”, - деди Кыргызстандын футбол союзунун башкы катчысы Нурдин Букуев.

2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандоо алкагында Кыргызстан курама командасы менен Омандын курамасы эртең, 21-ноябрда кез келет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.