AUCA the best 2

2024-04-28

Жаңылыктар

Кенжебүбү Ырысбек кызы Өзбекстан чемпионатында хет-трик жасады

Кыргызстандын улуттук командасынын футболчусу Кенжебүбү Ырысбек кызы Өзбекстан чемпионатында бир беттеште 3 гол киргизди.

 

22-турдун оюнунда «Бунёдкор» конокто «Локомотив» менен беттешип, 4:0 эсебинде жеңишке жетти. “Бунёдкордун” негизги курамына Кенжебүбү Ырысбек кызы, Айжан Боронбекова жана Нурсулуу Мурзакулова кирген. Дагы бир кыргызстандык Дильназ Жеңишбек кызы 86-мүнөттө алмаштырууга чыкты.

Бул оюнда Ырысбек кызы 3 гол киргизип, хет-трик жасаган.

“Бунёдкор” 3-орунду камсыздап, коло медалга ээ болду.