AUCA the best 2

2024-04-25

Бокс

Токио олимпиадасына мушкерлер барбайт

Японияда өтүүчү Олимпиада оюндарына тандоо эки баскычта - континенталдык жана дүйнөлүк болуп өтөт. Азия жана Океаниядагы тандоо турнири 2020-жылы 3-11-мартта Иорданияда өткөн. Лицензияларды утуп алуу үчүн ТОП-6га кирүү керек болчу. Ошол турнирде Кыргызстандын спортчулары Олимпиадага жолдомо ала алышкан жок.

Толугу менен...

Өзбекстанда өткөн ачык турниринде кикбоксчулар 11 медалга ээ болушту

Кыргызстандын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасы Өзбекстанда өткөн эл аралык мелдеште 11 медалга ээ болду. Өзбекстан ачык турнири 16-21-июнь күндөрү Ташкент шаарында өттү. Кыргызстандын спортчулары 4 алтын, 7 күмүш жана 7 коло медалга ээ болушту.

Толугу менен...

Бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасы Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 8 медаль жеңди

 Бокс боюнча Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү 8-13-июнь күндөрү, Актөбе шаарында (Казакстан) өткөн эл аралык мелдеште 8 медаль (3 алтын, 2 күмүш, 3 коло) жеңишти. 

Толугу менен...

Хорватияда өткөн Европа Кубогунда Кыргызстандын кикбоксчулары 7 медалга ээ болду

28-30-май күндөрү Загреб шаарында (Хорватия) кикбоксинг боюнча кезектеги Европанын Ачык Кубогу болуп, ага 30дан ашык мамлекеттин спортчулары катышты.

Толугу менен...

Кыргызстандыктар БАЭде өткөн Азия чемпионатында 4 медалга ээ болду

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы БАЭде өткөн Азия чемпионатында 4 медалга ээ болду. Турнир 24-майда башталган, башкы машыктыруучу Данияр Абдураимовдун жетекчилиги астында Кыргызстандын курама командасына 10 спортчу катышкан.

Толугу менен...

Төрт кыргызстандык БАЭде өтүп жаткан Азия чемпионатында жарым финалга чыкты

Кыргызстандык төрт спортчу БАЭде өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпионатында жарым финалга чыкты. Жалпысынан турнирге башкы машыктыруучу Данияр Джусубалиевдин жетекчилиги астында Кыргызстандын курама командасында 10 спортчу катышкан. Алдын-ала раунд жана чейрек финалдык беттештердин жыйынтыгында төрт кыргызстандык 1/2 финалга өттү.

Толугу менен...

Азат Үсөналиев менен Эркин Адылбек уулу Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты

26-майда БАЭде өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү  күнү, мелдештин чейрек финалдык баскычынын акыркы беттештери орун алды.

Толугу менен...

Азат Үсөналиев Сербиядагы турнирдин финалына чыкты

Сербияда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште үч кыргыз спортчусу финалга чыкты. Белград шаарында 58-Белград жеңүүчүсү турнири өтүп жатат, 25-апрелде жарым финалдык беттештер орун алды.

Толугу менен...

Нурадин Рустамбек уулу: “Быйыл спортчулар үчүн “майдан” жылы”

Биздин кезектеги маектешибиз Нурадин Рустамбек уулу 2019-жылы Монголияда бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиону. Ал 2001-жылы 24-сентябрда. Жалал-Абад облусунун Сузак районун Комсомол айылында жарык дүйнөгө келген. Учурда “Тай-Мурас” спорт клубунда машыгып, Кыргыз улуттук университетинде 2-курста юридикалык жаатта билим алат. Topsport.kg сайтынын тандоосу боюнча 2019-жылдын “Жыл жаңырыгы”номинациясынын ээси.

Толугу менен...