AUCA the best 2

2024-04-17

Жаңылыктар

Азия чемпионаты: Мунарбек Сейитбек уулу жана Нурадин Рустамбек уулу чейрек финалга чыгышты

 24-майда БАЭде эркектер жана аялдар арасындагы бокс боюнча Азия чемпионаты башталды.
 
Азия бокс конфедерациясынын маалыматы боюнча, жалпысынан 20 комплект медаль ойнотулат. Кыргызстандын курама командасына башкы машыктыруучу Данияр Джусубалиевдин жетекчилиги астында 10 спортчу катышат. Мелдештин биринчи күнү, 24-майда, 1/8 финалдык беттештери орун алды. 4 кыргызстандык рингге чыгып, алардын экөө чейрек финалга чыккан. Эки кыргызстандык жеңилүү ызасын тартып калышкан.
 
24-майдагы беттештин  жыйынтыгы:
60 кг чейин 1/8 финал Мунарбек Сейитбек уулу - Лайсулла (Афганистан) - 5: 0 
64 кг чейин 1/8 финал Шива Тапа (Индия) - Дмитрий Пучнин - 5: 0 
69 кг чейин 1/8 финал Нурадин Рустамбек уулу - Хасан Альфадхли (Кувейт) - биринчи турда Рустамбек уулунун жеңиши 
91 кг жогору 1/8 финал Сиевуш Зухуров (Тажикстан) - Бекболсун Токтосун уулу - 3: 1