AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Бокс боюнча курама команда Азия чемпионатынан кайтып келишти

 2- июнда Бишкеке бокс боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы Дубай шаарында (БАЭ) өткөн Азия чемпионатынан кайтып келишти.   
Эл аралык «Манас» аэропортунан спортчуларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурлан Исмаилов, спортчулардын ата-энелери, туугандары,достору жана күйөрмандары тосуп алышты.  
Эске салсак, Азия чемпионатында Азат Усеналиев (52 кг салмактык категорияда), Акылбек Эсенбек уулу (57 кг), Эркин Адылбек уулу ( 81 кг) жана Рустам Ырысбек уулу (91 кг) коло медаль тагынышкан. 
Булак: sport.gov.kg